Болгарияда президенттик шайлоону бийликтеги партиянын өкүлү Росен Плевнелиев жеңгени маалымдалууда. Сурамжылоолорго караганда, ага шайлоочулардын 54 проценти добуш берген, экинчи орунду социалист Ивайло Калфин ээледи. Башкаруудагы партия ошондой эле бир катар чоң шаарлардын мэрлигине ат салышууну утту.