Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык шайлоочулардын 6,32 пайызы гана добуш берди. Бул тууралуу БШК маалымдайт. Жалпысынан шайлоочулардын тизмесине 38 миң 56 адам кирген. Алардын 2 миң 405и добуш берди. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда өттү. Талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган Алмазбек Атамбаев болууда. Ага шайлоочулардын 63 пайыздан көбү добуш беришти. Андан кийин эки талапкер келатат - Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев. Алардын алган добуштары 15 пайыздын тегерегинде. Калган 13 талапкер 1 пайыз добушка жете алышкан жок. Бул алдын ала алынган маалыматтар. (RK)