КМШ мамлекеттеринен келип, Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган байкоочулар бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, шайлоо мыйзам чегинде өттү, жалпы жыйынтыкка таасир этүүчү мыйзам бузуулар катталган жок. Тизмелер боюнча чыккан проблемада күнөө шайлоочулардын өзүлөрүнөн да, уюштуруучулардан да кетти. Байкоочулардын пикиринде, Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдары жакшырып калды, бирок келечекте алардын үстүнөн дагы иштеш керек.
Көз караны эмес Мамлекеттердин Шериктештигине кирген 9 өлкөдөн 177 байкоочу 17-октябрдан бери Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүштү. (EBM/RK)
Көз караны эмес Мамлекеттердин Шериктештигине кирген 9 өлкөдөн 177 байкоочу 17-октябрдан бери Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүштү. (EBM/RK)