Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Мадумаровдун Оштогу штабы шайлоо жыйынтыгын тааныбайт


Бул тууралуу президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Ош шаардык штабынын координатору Маматжан Абдыкаримов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Ош шаарындагы 73 шайлоо участогунун дээрлик баарында шайлоочулар тизмеге кирбей калганына нааразылык билдирип жатышты. “Мыйзамда жазылган бардык талаптарды аткарса дагы шайлоочулар тизмеге кирбей калышкан, тизмеде ал чөлкөмдө жашабаган, таптакыр башка адамдардын аты-жөндөрү катталган. Бул түздөн-түз шайлоочулардын укугун тебелөө” –дейт Маматжан Абдыкаримов.

БШКнын алдын ала чыгарган жыйынтыгы боюнча, 30-октябрдагы президенттик шайлоодо талапкер Адахан Мадумаров шайлоочулардын 14,7%, башкача айтканда, 270 943 добушка ээ болгон.

Шайлоо күнү добуш берүүгө келген шайлоочулар "тизмеде жоксуз" деген негиз менен шайлоо участокторунун 65 пайызында добуш берүүгө кое берилбегенин "Жарандык коом жана демократия" коалициясы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG