Аталган шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаеванын 31-октябрда билдиргенине караганда, шаардагы 25 добушкананын протоколдору жыйналып бүттү, эми алар расмий кайрылган 50 шайлоочунун арызы менен бирге БШКга тапшырылат. Анын айтуусунда, тизмеге кирбей калдык деген арыз менен 200гө жакын адам оозеки кайрылган, добушканалардагы шайлоонун жыйынтыктары бирдиктүү шайлоо тизмесине киргизилет. Президенттик шайлоо Жалал-Абадда тынч өттү, мыйзам бузуулар, административдик ресурс колдонулган жок деп айтууга негиз бар дейт Бариса Турдубаева. Шайлооком башчысынын бекемдегени боюнча, шайлоону жыйынтыктаганга чейин ага көз салып олтурушкан Казакстан, Италия жана Германиядан келишкен эл аралык байкоочулар шайлоо Жалал-Абадда жакшы өттү деген бааларын беришкен. (YA)