Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Атамбаев: Мадумаров менен Ташиев реалдуу саясатчылар


Мындай билдирүүнү президенттик жарышта көпчүлүк добуш алган Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурулган 31-октябрдагы брифингде жасады.
Атамбаевдин пикиринде өзүнүн атаандаштары Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев 14 пайыздан ашык добуш алуу аркылуу өздөрүнүн реалдуу саясатчы экендигин далилдей алышты. Атамбаев жеңишке жетпей калды деп саналып жаткан бул эки талапкер өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетиргидей аракеттерди жасайт деп ойлобойт жана алар менен кызматташууга даяр. "Мен Мадумаровго кышында эле Баткен облусуна губернаторлук кызматты сунуш кылгам" деди Атамбаев.

Атамбаев маалымат жыйынында ошондой эле президент болуп калса антикоррупциялык кызмат түзөөрүн жана эл менен байланышты күчөтүүчү түзүмдөрдү көбөйтөөрүн билдирди.
Атамбаев ошондой эле Конституциядагы бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктардын так бөлүштүрүлбөгөндүгүн белгиледи жана бардык чечимдерди парламент жана өкмөт менен кеңешип кабыл аларын билдирди.

Боршайкомдун соңку маалыматтары боюнча, Атамбаевди шайлоочулардын 63,13 пайызы колдоду. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG