Шайлоо күнү Кыргызстанда массалык түрдөгү мыйзам бузуулар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, эң орчундуу мыйзам бузуулар 12 жерде катталды. Бул факттар боюнча жарандык коом тиешелүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат.
Ошурахунованын билдиришинче, Адахан Мадумаровдун шайлоо штабынан 35, Камчыбек Ташиевдин штабынан 36 жана Алмазбек Атамбаевдин штабынан 28 арыз, даттануу келип түшкөн.
Коалициянын байкоочуларынын айтымында, сыя белгинин тез эле өчүп калышы, тизмелердеги баш аламандык, бюллетендерди таңгактап таштоо жана студенттерди пайдалануу сыяктуу мыйзам бузуулар көп болду. (AI/RK)