Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

ЕККУ: Шайлоодо мүчүлүштүктөр болду


ЕККУдан Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган байкоочулар бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, коомдун шайлоо системасына ишенимин арттырууну күчөтүү зарылдыгын билдиришти. Алардын айтуусунда, 30-октябрь күнү болгон шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар катталган, анын ичинде шайлоочуларды айлампа принциби менен улам бир шайлоо участогуна ташуу, үкөктөргө бюллетендерди көп санда таштоо аракеттери бар.

ЕККУ байкоочулар миссиясынын башчысы Корин Йонкер бул жолку шайлоо мурдагы парламенттик шайлоодо убада кылынгандай, ачык-айкын, демократиялык маанайда өткөн жок. “Биз мындан жакшы болот деп күткөнбүз", - деди Корин Йонкер. Ошентсе да ЕККУ байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоо тынч өткөнүн, айрым шайлоочулар бир талапкерге эмес, өлкөдөгү тынчтыкка жана саясий туруктуулукка добуш беришкенин билдиришкен.

Кыргыз президентин шайлоого ЕККУдан 400гө жакын байкоочу көз салды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG