Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Ошто шайлоого катыша албагандар митингге чыкты


Ош шаарындагы борбордук аянтка 50 чакты адам чыгып, 30-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш бере албай калышканына нааразылыгын билдиришүүдө. Алардын бири, “Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочусу Дарыя Шабданова шаардагы 73 шайлоо участогунда тизмеге катталбай калганы үчүн добуш берүү укугунан ажыраган адамдар өтө арбын болгонун “Азаттыкка” билдирди. Нааразылык иш-чарасына чыккандар өздөрүнүн конституциялык укугун калыбына келтирип берүүнү талап кылышууда.

Шайлоочулар тизмеге киргизилбей калган мүчүлүштүк болгонун БШК да моюндап, буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG