Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Кыргызстан үчүн Орусия башкы өнөктөш бойдон калат


Бул тууралуу президенттик шайлоодо көп добуш алган талапкер Алмазбек Атамбаев 31-октябрда журналисттер менен брифингде билдирди.
“Биз Орусияны мурдагы бийликтей сатып кетпейбиз” деди Атамбаев. Атамбаев ошондой эле Кыргызстан Бажы биримдигине сөзсүз кирерин белгилеп, бирок, макулдашууда иш менен камсыз болгудай деңгээлде ар бир жобо боюнча соодалашуу зарыл деп эсептеди. Кыргызстан Бажы Биримдигине 2012-жылы кирери тууралуу тараптар сүйлөшүп жаткандыгы мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG