Жергиликтүү байкоочуларга кысымдар көп болгону айтылды. Бул тууралуу Бишкекте уюштурулган маалымат жыйынында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жана “Ойлоном. Тандайм. Келечегим бар.” маалыматтык кампаниясынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматтык кампаниянын өкүлү Урмат Казакбаевдин айтымында, бейөкмөт уюмдардын байкоочулары белгисиз адамдар тарабынан каттуу кысымга алынып, айрым байкоочулардын өмүрүнө коркунуч туулганы үчүн байкоо салуудан баш тартышкан. Мындай пикирге кошулган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова да мыйзам бузууларды каттаган акттар байкоочулардын колунан тартылып алынганын билдирди.(BkA/RK)