Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн президенттик шайлоодо берилген добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүтүп калгандан кийин, Алмазбек Атамбаев добуштардын дээрлик 63 пайызын алгандыгын бышыктады. Кыргызстанда президенттин бийлиги чектелүү мүнөзгө ээ.
Экинчи, үчүнчү орундарда Бакиевдин тушунда коопсуздук кызматын жетектеген Адахан Мадумаров менен "Ата-Журт" партиясынан көрсөтүлгөн Камчыбек Ташиев келатышат, экөөнө тең 15 пайызга жетпеген добуш берилди. Калган 13 талапкердин бири да бир пайыздык чекти ала алышкан жок.
Мадумаров менен Ташиев экөө тең жеңилгенин таануудан баш тартышты. Алардын колдоочулары бүгүн Ошто, Жалал-Абадда нааразылык акциясына чогулуп, таркашты.
Көз карандысыз байкоочулар шайлоодо массалык мыйзам бузуулар катталбаганын айтышууда. ЕККУнун өкүлү шайлоо тизмесиндеги башаламандык жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктарына көлөкө түшүргөнүнө өкүнүү билдирди. JCH