Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Палестиндер ЮНЕСКОго кабыл алынды


Бириккен Улуттар уюмунун маданият агенттиги бүгүн палестиндерди мүчөлүккө кабыл алды. Бул кадам палестиндердин БУУда мамлекет катары таанылуу максатын бекемдемейт деп болжолдонууда. ЮНЕСКОнун 36-башкы конференциясынын жетекчиси, Венгриянын ЮНЕСКОдогу элчиси Каталин Божиай Париждеги добуш берүүдөн кийин буларды билдирди:

Айымдар жана мырзалар, башкы конференция резолюциянын долбоорун жактырды жана Палестинаны ЮНЕСКОнун мүчөлүгүнө кабыл алууну чечти.

Палестиндерди колдоп 107 мамлекет добуш берди, 52си калыс калып, 14ү каршы чыкты. Каршы болгондордун арасында АКШ, Канада, Германия болду. Бул чечимдин кесепетинен ЮНЕСКО миллиондогон доллар америкалык колдоодон ажырап калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG