Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:42

Эл аралык байкоочулар шайлоону макташты, сындашты


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Кыргызстандагы байкоочулар миссиясынын жетекчиси Валбурга Хабсбург Дуглас "шайлоочулар тизмесиндеги жана эсептөөдөгү айрым кемчиликтерге карабастан, биз Кыргызстандагы демократиянын келечегине этият үмүт билдиребиз", - деди.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары кеңсесинин баш өкүлү Кориен Жонкер бул шайлоо былтыркы жаңы Конституцияда каралган демократиялык талаптарга толук жооп бербей калгандыгына өкүнүчүн билдирди.

Жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мегилинде белгисиз адамдар тарабынан жергиликтүү байкоочулардын өмүрүнө коркунуч келтирилген жагдайлар болгондугун айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG