Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Интернет колдонуучулар Отунбаевага ыраазычылык билдиришет


Кыргызстандын тарыхында бийликти тынч өткөрүп бергени үчүн президент Роза Отунбаевага айрым интернет колдонуучулар, жаш активист жана блоггерлер ыраазычылык билдиргени жатышат. Буга байланыштуу “Роза үчүн розалар” деген акция бүгүн Ак үй имаратынын алдында өтөөрүн уюштуруучу Сергей Макаров кабарлады. Акциянын катышуучулары “Рахмат” деген сөздү роза гүлү менен жазып чыгышат. “Кийинки президент дагы Роза Отунбаева киргизген саясий салттарды сактап калуусун каалайбыз”, - дешет уюштуруучулар. Иш-чара бүгүн эртең мененки саат тогуздан кечке чейин уланат. Ага баардык каалоочулар бирден роза гүлүн алып келишсе болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG