Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Атамбаев: Мындан ары Кыргызстанда ыңкылап болбойт


Бул тууралуу шайлоодо көпчүлүк добуш алган Алмазбек Атамбаев 31-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал бардык маселени сүйлөшүү аркылуу чечсе болоорун, өзүнүн атаандаштары Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин өкмөттүн курмына кире алышаарын кошумчалады. Бажы биримдигине кирүү тууралуу оюн билдирген Атамбаев биримдикке кошулуу зарылчылык деп белгиледи.

Атамбаев маалымат жыйынында ошондой эле президент болуп калса антикоррупциялык кызмат түзөөрүн жана эл менен байланышты күчөтүүчү бөлүмдү кеңейтээрин кошумчалады.

БШКнын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевге жалпы шайлоочулардын 63% ашууну добуш беришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG