Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Ош шаарында абал тынч


Ош шаарында бүгүн абал тынч. Эч кандай нааразылык акциялар өткөн жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Мэриянын маалымат катчысы Гүлжан Ажыматованын айтымында, адатта митинг, пикеттер мэриянын алдындагы борбордук аянтта өтөт. "Кечээ шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 60-70 адам аянтка чыгып, кайра тарап кетишкен. Бүгүн да чыгышмак. Азырынча эч ким көрүнбөйт. Балким аба ырайы тоскоол болуп жаткандыр, себеби кечээ кечте башталган жаан дагы эле тынбай жаап жатат", -деди Ажыматова.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун жер-жерлердеги тарапкерлери шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандарын айтышып, митингге чыгаарын Мадумаровдун Ош облусу боюнча штаб жетекчисинин орун басары Маматжан Абдукаримов “Азаттыкка” кабарлаган болчу.

Соңку алдын ала маалыматтар боюнча, 30-октябрда өтөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 63 пайызынын добушу Алмазбек Атамбаевге берилген. Талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев 15 пайыздын тегерегиндеги добуштарга ээ боло алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG