Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Келдибеков аз добуш алып калгандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат


Алдын ала эсептөөлөр боюнча шайлоочулардын аз добуштарына ээ болуп калган талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү ушу тапта парламент имаратында Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков өткөрүп жатат.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Шайырбек Маматокторовдун "Азаттыкка" билдиришинче, жолугушууга фракциялардын, парламенттик аппараттын өкүлдөрү да катышып жатышат.

Президенттикке ат салышкан талапкерлер Курманбек Осмонов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу, Кубатбек Байболов жана башкалар бул сүйлөшүүлөргө катышканы айтылды. Бирок баары бир учурда эмес, ар түрдүү форматтарда сүйлөшүп жатышат. Жалпы сүйлөшүү качан, кимдердин катышуусу менен кайсы жерде өтөөрү азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кечээ шайлоонун баардык катышуучуларына кайрылып, ийри отуруп, түз кеңешүүгө чакырган.

Алдын ала расмий маалыматтар боюнча, шайлоодо Алмазбек Атамбаев утуп чыкты. Бирок калган талапкерлер шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экенин айтышууда, себеби шайлоо, алардын пикиринде, өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолду. (RK)

XS
SM
MD
LG