Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Атамбаев: Мыйзам чегинде сүйлөшүүлөргө даярмын


Сүйлөшүүлөр жолу менен маселени чечүүгө даяр экенин бүгүн маалымат жыйынында президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаев билдирди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, мындай сүйлөшүүлөр мыйзам чегинде гана өтүшү керектиги айтылды.

Атамбаевдин айтымында, "20 жылдан бери Акаев менен Бакиевге кызмат кылып көнүп калган чиновниктер тигил же бул талапкердин, мейли Атамбаевдин, пайдасы үчүн шайлоо мыйзамдарын бузууга барышкандыгы аныкталса, алар сот тарабынан жазаланышы керек".

Атамбаев ошондой эле мындан ары өлкөдөгү шайлоо жараяндарында мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу керектигин айтты.

Шайлоодо утулуп калган талапкерлердин арасынан Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдиришкен. Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибековдун демилгеси боюнча баардык талапкерлердин катышуусу менен ийри отуруп, түз кеңешүү аракети жасалууда. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG