Алай районунда жолдо калган 25 адам Сары-Таш айылына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Ош облусунун Алай районуна караштуу Кара-Дөбө участогунда кардын калың жаашынан улам Ош - Сары-Таш - Кызыларт жолу 31-октябрда жабылып калган. Жааган кардын калыңдыгы 80 сантиметрге жеткен. 25 жүргүнчүсү бар 6 унаа жолдо калган. Жолду тазалоо иштери уланууда. (RK)