Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

2-ноябрга карата аба ырайы


2-ноябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын болушу күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -5...-10.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус суук, күндүз 5...7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG