Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева банктардан насыя алып, июнь окуясынан кийин аны төлөй албай калган ишкерлердин абалы оор экенин бүгүн "Азаттыкка" айтты. Анын айтымында, өткөн аптада парламенттин жыйынында жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча токтом долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, биринчи кезекте мекемелер аралык комиссия түзүлөт. Ошондой эле үйдү алып коюу боюнча сот жараяндарын убактылуу токтотуп, комиссия ар бир ишкер жана ар бир насыя менен иштейт.
Депутаттын айтымында, жалпысынан Ош жана Жалал-Абадда июнь окуясынан 2 миңден ашык ишкер жабыркаган. Аларга өкмөттөн жардам катары 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акчалай жардам жана 10 жылга 150 миң сом өлчөмүндө ссуда берилген. Мындан тышкары аларга жеңилдетилген шартта насыя берүү каралган. (KE/RK)