Премьер-министр Жорж Папандреунун жарыясына караганда, референдум карыз кризисин жөнгө салуу боюнча өткөн аптада жетишилген планга байланыштуу өткөрүлмөкчү. Мурдагы аптада еврозонанын лидерлери Грециянын карызынын 50 пайызын кечүүнү жана ага дагы 130 миллиард евро насыя берүүнү караган планды макулдашкан.
Папандреунун айтымында, ал карыз берип жаткандар талап кылган реформаларды ишке ашыруу үчүн саясий колдоого муктаж болуп турат. Азырынча референдумдун убактысы белгилене элек. Эгер ал өтсө, Грециянын акыркы 40 жылдагы экинчи референдуму болот.