Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Жаңы жылдан тарта Кыргызстандагы кумарканалар жабылат


Президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзамда "адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын адеп-ахлагын жана ден-соолугун коргоонун артыкчылыктарынын конституциялык принциптерине ылайык ушул мыйзам менен Кыргызстанда кумар оюн ишин жүзөгө ашырууга чектөө киргизилет" деп жазылган.

Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Аны Жогорку Кеңеши быйыл 29-сентябрда кабыл алган. Бул мыйзам тотализаторлорго жана букмекердик контораларга тиешеси жок.

Кумарканаларда иштегендер бул мыйзам долбооруна каршы экенин айтып келишет. Соңку жылдары кумарчы болуп кеткен кыргызстандыктардын саны кескин өсө баштаганы коомчулукта көп айтыла баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG