Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Кызыл-Кыя менен Ала-Букадагы шайлоочулардын митингдери тарап кетти


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор тарап кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун шайлоо штабынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кеңеш Ташев билдирди. Жүздөй адам тизмеде жок болгондуктан шайлоого катышпай калганына нааразы болуп чыгышкан. Тиешелүү арыздарын алар мэрияга тапшырышты.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда да бүгүн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Чогулгандардын саны элүү чакты адам болду. Түштөн кийин алар тарап кеткенин райондогу адам укугун коргоочу “Эгида шанс” коомдук бирикменин төрайымы Елена Иванова "Азаттыкка" билдирди.

БШКнын соңку маалыматтары боюнча, 30-октябрдагы шайлоодо Алмазбек Атамбаев жалпы шайлоочулардын 63 пайызынын добушуна ээ болду. Бирок шайлоо таза эмес өткөнүн, көптөгөн шайлоочулардын укугу басмырланып, добушу эске алынбаганы айтылууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG