Кыргызстанда “Кыргыз тили Google translate котормочусунда» деген долбоор башталганы турат. Уюштуруучулардын айтымында, бул долбоордун башкы максаты кыргыз тилин дүйнөдөгү эң белгилүү тил котормочусу Google translate сервисине киргизүү жана кыргыз тилине ар дайым туруктуу колдоо көргөзүп туруучу интернет-платформаны негиздөө. Ошондой эле ар бир колдонуучу базанын толукталышына өз салымын кошо алат. Долбоордун менеджери Атай Жунушовдун айтымында, Google translate де кыргыз тилинин пайда болушу тилдин өнүгүшүнө жана кыргыз тилдүү колдонуучулардын интернетте көбөйүшүнө чоң өбөлгө түзөт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Информациялык технологиялар улуттук борборунун колдоосунда ишке ашып жатат. (EzK/RK)
Долбоор Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Информациялык технологиялар улуттук борборунун колдоосунда ишке ашып жатат. (EzK/RK)