Муну менен алар парламенттин чернобылчыларды айрым жеңилдиктерден ажыратууну караган кадамына кыжырдануу билдиришти. Кезинде Чернобыл кырсыгын жоюуга катышкан бир миңдей демонстрант бүгүн парламент имаратынын айланасына коюлган темир тосмолорду кулатышты. Тосмо алардын жана ооган согушунун ардагерлеринин парламент имаратына кирүү боюнча алгачкы аракетинен кийин бир нече апта мурда орнотулган эле. Демонстранттарды имаратка киргизбөө үчүн бүгүн анын кире беришин жүздөй полицей тороп турду. Чернобылчыларга берилген жеңилдиктерди жоюуну караган чечимди украин парламенти сентябрда биринчи окуудан жактырган. Бирок андан бери башка чара көрө элек.