Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

“Бишкек-2011” жарманкеси ачылат


Бүгүн Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Бишкек-2011” деп аталган жеңил өнөр жай товарларынын көргөзмө-жарманкеси ачылат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Орусиядан 80ден ашуун компания жана фирмалар катышмакчы. Уюштуруучулардын бири Азамат Жанабиловдун “Азаттыкка” айтымында, катышуучулар арасында компьютердик технология, веб-дизайн, текстиль, тамак-аш жана жеңил өнөр-жай, айыл чарба, энергетика тармагында иштеген компаниялар да бар. Жарманке-көргөзмөнүн алкагында мастер-класстар, атайын жыйындар өткөрүлөт. Соңунда атайын комиссия мыкты деп тандаган продукцияга медаль тапшырылат. Жарманке 6-ноябрга чейин уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG