Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Талапкерлер БШК маалыматын угат


Жогорку Кеңештин төргасынын маалымат катчысы билдиргендей, бүгүн президенттикке талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушат. Анда шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар, тизме жана башка маселелер каралмакчы.

Кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков шайлоодон кийин өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүү жасап, алдыңкы орундарга чыккан талапкерлерди жана парламенттик фракция жетекчилерин ийри отуруп, түз кеңешүүгө чакырган. Анда “эгерде өз маалында иштиктүү аракеттер көрүлбөй турган болсо, абал тез эле көзөмөлдөн чыгып, мамлекетибиз алдын ала болжогус кесепеттерге кабылышы да ажеп эмес” деп айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG