Европа лидерлери жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги
Чоң жыйырманын саммити алдында Грециянын референдум өткөрүү чечимин талкуулашат.
Дүйшөмбүдө грек өкмөт башчысы Европа биримдигинен жардам алуу маселеси элдик референдумга коюларын жарыялаган. Франция президенти Николя Саркози жана Германия канцлери Ангела Меркел жолугушуу Канн шаарында өтөөрүн билдиришти.
Өткөн аптада Брюсселдеги саммитте биримдиктин жетекчилери кризистин евро мейкиндиктин калган өлкөлөрүнө жайылышын алдын алуу үчүн Греция карызынын жарымын кечүүнү чечишкен. Ошондой эле Афиныга 140 миллиарддык жардамдын кезектеги траншын берүү макулдашылган.
Америкалык жана европалык биржалардагы көрсөткүчтөр референдум тууралуу күтүлбөгөн маалыматтан кийин кескин төмөндөп кетти. Чоң жыйырманын саммити 3-ноябрда Франциянын түштүгүндөгү Канн курортунда өтөт.