Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Улуттук штабга шайлоого нааразы болгондордон арыздар түшүүдө


Шайлоого байланыштуу мыйзамдардын жана адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөчү улуттук штабга кечээ 36 арыздануу түштү. Аталган коомдук уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, арыз-даттануулар негизинен тизмелердеги башаламандык, добуштарды сатып алуу, административдик ресурстун пайдаланылышы сыяктуу маселелерге байланыштуу болду. 

Жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюштурулган штаб 10-ноябрга чейин иштейт. Анын курамында эл аралык уюмдардын жана парламенттин өкүлдөрү да бар экени айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча, 30-октябрдагы шайлоодо 16 талапкердин арасынан Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63 пайызынын добушуна ээ болду. (RK)

 

XS
SM
MD
LG