Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку унаа жолу ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Аталган унаа жолдун 75-чакырымында (Кара-Таш участогу) кечээ кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган болчу. Кар көчкү туткунунда калгандар болгон эмес. Жол саат 10:30да ачылды. (RK)