Эгер кайсы бир шайлоо бекетинде мыйзам бузулгандыгы аныкталса, ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн парламентте өткөн мунасага келүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов журналисттерге билдирди. Ал азыркы учурда үч шайлоо участогу боюнча жыйынтыктар талаштуу болуп жатканын айтты. Бирок кайсы участоктор экенин ачыктап айткан жок. Абдраимовдун пикиринде, эгерде ал жерде мыйзам бузуу болгону далилденген күндө да өлкө боюнча өткөн шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт.
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун демилгеси менен кечээтен бери парламенттин имаратында шайлоодо утулуп калган талапкерлер, БШК мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин фракция өкүлдөрү мунасага келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Себеби айрым талапкерлер шайлоо таза өтпөгөнүн, көптөгөн шайлоочулардын укуктары одоно бузулганын, шайлоочулар нааразылык акцияларды уюштураарын айтышкан. (KKs/RK)