Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жалал-Абаддагы митинг мөөнөтсүз өтмөй болду


Президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор Жалал-Абад шаарында митинг өткөрүп жатышат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, бул нааразылык акция мөөнөтсүз улана берээри айтылууда. "Ата Журт" партиясынын юристи Рашит Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, митингге үч миңдей адам катышууда. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, митингчилердин саны 1,5-2 миңдей, ал эми шаардык милиция башчысы Нурдин Насыркулов беш жүздүн тегерегинде адам келгенин айтты.

Митингчилер 30-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, Жалал-Абад облусунда шайлоочулардын 42 пайызы Камчыбек Ташиевди, 25 пайызы Алмазбек Атамбаевди жана 24 пайызы Адахан Мадумаровду колдоп добуш беришкен. Ал эми жалпы республикалык жыйынтык боюнча алдыга Алмазбек Атамбаев чыкты.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG