Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Минскиде таанымал адам укугун коргоочу соттолууда


Минскиде Беларуста таанымал адам укугун коргоочу Алес Беляцкийдин соту башталды. Адам укугун коргоочу “Весна” борборунун башчысы быйыл 4-августта камакка алынып, ири өлчөмдө салык төлөбөдү деп айыпталган. Сотто Беляцкийдин күнөөсү далилденсе, адам укугун коргоочу жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Алес Беляцкийдин кесиптештери жана жактоочулары кылмыш иши саясый жүйөө менен ачылган дешет. Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюму шейшемби күнкү билдирүүсүндө “бийлик Беляцкийди соттоо менен Беларустагы адам укугун коргоочулардын ишмердигин тыйын салууну көздөйт” деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG