Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Мунасага келүү сүйлөшүүлөрүнө кимдер катышканы белгилүү болду


Президенттик кызмат үчүн ат салышкандардын арасында мунаса табуу боюнча сүйлөшүүлөргө кайсы талапкерлер катышканы белгилүү болду. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү сүйлөшүүлөргө Анарбек Калматов, Курманбек Осмонов, Кубатбек Байболов, Кубанычбек Исабеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Марат Иманкулов, Турсунбай Бакир уулу, Алмазбек Каримов, Темирбек Асанбеков жана Сооронбай Дыйканов катышты. Алар шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышты.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлерди өлкөдөгү абалды курчутпоого чакырган, мунаса табуу максатын койгон сүйлөшүүлөрдү кечээтен бери Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков парламенттик фракция мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүп келди.

Бүгүн бул сүйлөшүүлөргө Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов да катышты. Ал мыйзам бузуулар болгонун билдирип, бирок ал фактылар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эте албаганын айтты.

Бул маселени парламенттин жыйынына алып чыгыштын кереги барбы же жокпу, депутаттар эртең чечишет. (RK)

XS
SM
MD
LG