Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

"Азаттыктын" кабарчысы Аманбек Жапаров эл аралык сыйлыкка ээ болду


"Азаттык" радиосунун кабарчысы Аманбек Жапаров Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болду. Сыйлык бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйында тапшырылды. Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов, Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев өнөр адамдарын кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырышты. Бир катар маданият кызматкерлери эл артисти жана эмгек сиңирген ишмер наамдарын алышты. “Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Жапаров жогоруда аталган эл аралык сыйлыкка Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата “Алай дастан” спектаклин мыкты сахналаштырганы үчүн татыды. (RK)

XS
SM
MD
LG