Украинанын абакта отурган мурдакы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко Европа Биримдигине кат жолдоп, өзү түрмөдө экенине карабай, Украина менен ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү мерчемделип жаткан келишимге кол коюга үндөдү. Тимошенкону сот премьер-министрлик кызматын натуура пайдаланды деп таап, октябрда жети жылга кескен. АКШ жана Евробиримдик Тимошенко саясый жүйөөдөн соттолгонун айтып, экс-премьерди эркинен ажыратууну катуу сындашкан. Европалык кээ бир дипломаттар Украина менен ассоциативдүү кызматташтык боюнча келишимге Евросоюздун декабрдагы саммитинде кол коюлбай калышы мүмкүн дешет.
Юлия Тимошенко соттун өкүмүн президент Виктор Януковичтин өч алуусу деп эсептейт. Былтыркы президенттик шайлоодо Тимошенко Януковичтин негизги атаандашы болгон.
Юлия Тимошенко соттун өкүмүн президент Виктор Януковичтин өч алуусу деп эсептейт. Былтыркы президенттик шайлоодо Тимошенко Януковичтин негизги атаандашы болгон.