БШКга 39 аймактык шайлоо участкаларынан протоколдордун түп нускасы алынып келинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова тастыктады. Анын айтымында, протоколдордун түп нускасы атайын сейф-пакеттер менен, добушкананын номуру белгиленип алынып келинүүдө. Ал эми БШКнын атайын буйругу менен протоколдорду кабыл алып жана факс аркылуу участкалык шайлоо комиссияларынан келген жадыбалды салыштыруу үчүн атайын топ түзүлдү. (КЕ)