Бул тууралуу Ош шаардык муниципиалдык башкармалыктын жетекчиси Алимбай Кадыров “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин Ош шаарынын четиндеги “Жаштык” жайкы лагеринде июнь окуясынан жабыркаган 20 үй-бүлө жашап жаткандыгы кабарланган. Өзүн Алмакан Туратова деп тааныштырган жашоочу лагердин бир бөлмөсүндө эки үй-бүлө жашай тургандыгын, суук түшүп, отунду өздөрү терип жагышарын билдирген.
Ал эми Алимбай Кадыров “Жаштыкта” жашагандардын бардыгы эле июнь коогасында жабыргандар эмес экенин, бул маселе атайын комиссия тарабынан такталышы керектигин кошумчалады. (КЕ)
Ал эми Алимбай Кадыров “Жаштыкта” жашагандардын бардыгы эле июнь коогасында жабыргандар эмес экенин, бул маселе атайын комиссия тарабынан такталышы керектигин кошумчалады. (КЕ)