Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин “Азаттыкка” айтымында, учурда Кыргызстандын жарандык авиациясынын абалын текшерүү аягына чыгып калды. Анда учактардын коопсуздугу, Кыргызстанда катталып, чет өлкөдө жүргөн компаниялар текшерилген. “Толук жыйынтык ушул жуманын соңунда даяр болуп калат”, - дейт Молдобаев.
2009-жылы Кыргызстандын бир катар авиакомпаниялары Европа Биримдигинин кара тизмесине түшкөн. Анда учактардын коопсуздук боюнча европалык нормаларга жооп бербегени белгиленген. 2009-жылдын июль айында Кыргызстандын 17 авиакомпаниясынын учактарын Европанын аймагына киргизүүгө тыйуу салынган. Кыргыз авиакомпанияларын “кара тизмеден” чыгаруу жана жарандык авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү максатында түзүлгөн комиссия бир айдан бери иштөөдө.
Комиссиянын жыйынтыгы алгач Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде каралат. (КЕ)