Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Чоң жыйырманын саммитти башталууда


Чоң жыйырманын лидерлери Франциянын Канн шаарына чогулушууда. Топко өнүккөн жана экономикалары ыкчам өнүгүп келаткан өлкөлөр кирет. 2 күндүк саммиттин чордонунда Европанын карыз кризиси жана Греция болмокчу. АКШ президенти Барак Обама грек өкмөтүнүн референдум өткөрүү планына байланыштуу камтамасын билдирет деп күтүлүүдө. Грек премьеринин финансылык жардам маселесин референдумга алып чыгуу сунушу Европа жетекчилерин да кыжырдантты. Саммитти утурлай Германия, Франция жана Греция жетекчилери жолугушту. Немис канцлери Ангела Меркел еврону стабилдештирүү Грецияны куткаруудан артык деди.

Франция президенти Николя Саркози болсо элдик добуш берүүгө өлкө еврозонада калыш керекпи деген суроону коюу зарыл деп билдирди:

- Биз Грецияга көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Себеби тилектештик Европа Биримдигинин негизги принциптеринин бири. Бирок Греция да өз тарабынан милдеттенмелерин аткарууга тийиш.

XS
SM
MD
LG