Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:19

Россиянын жараны курал сатуу аракети үчүн айыптуу деп табылды


Нью-Йорк шаардык соту россиялык ишкер Виктор Бутту Колумбиядагы террордук топко курал-жарак сатууга арактетенгендиги үчүн айыптуу деп тапты. Өлүм соодагери деген атка конгон Буттун өкүмү 8-февралда угузулмакчы. Ал өмүр аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Адвокаты апелляция берээрин маалымдады. Бут 2008-жылы Бангкокто америкалык агенттердин катышуусундагы атайын операциянын натыйжасында кармалган. Тергөөчүлөрдун ырастоосунда, советтик армиянын мурдагы офицери курал сатуудан миллиондогон доллар алмак.

 

XS
SM
MD
LG