Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, Кыргызстандагы президенттик шайлоо маалында 66 арыз келди. Алардын теңинен көбү канааттандырылган эмес. Арыздардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна жазылган. Шайлоо күнү 15 арыз келген.
Арыздар негизинен Борбордук шайлоо комиссиясы каттабай койгон талапкерлерден түшкөн. Шайлоо күнү болсо көбүнчө тизмеден өзүн өзү таппай калгандар арызданган болчу. (EBM)
Арыздар негизинен Борбордук шайлоо комиссиясы каттабай койгон талапкерлерден түшкөн. Шайлоо күнү болсо көбүнчө тизмеден өзүн өзү таппай калгандар арызданган болчу. (EBM)