Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Францияда Чоң жыйырманын саммити ачылууда


Канн шаарындагы эки күндүк саммитте негизги көңүл Европадагы карыз кризисине жана Грециядагы кырдаалга көңүл бурулары күтүлүүдө. АКШ президенти Барак Обама карызга баткан Грециянын референдум өткөрүү чечимине камтамачылык билдирди.

Мурдараак грек премьер-министри Георгий Папандреу референдум өткөрүү зарылдыгын Грециянын карыздан кутулушу үчүн карыз берип жаткандар талап кылган реформаларды ишке ашырууда саясий колдоого муктаж экендиги менен түшүндүргөн.

Немец канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Николья Саркози кечээ кечинде Папандреу менен жолуккан соң Греция жарыяланган референдумун өткөрмөйүнчө Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун насыясынын кезектеги траншын албай турганын билдиришти.

Евробиримдик өткөн аптадагы саммитинде Греция карызынын 50 пайызын кечүүнү, ага кошумча 130 миллиард евро насыя берүүнү макулдашкан.

Грециянын референдум жөнүндөгү жарыясын Европанын лидерлери кыжырдануу менен кабыл алган.

XS
SM
MD
LG