Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Обама: Европадагы каржы кризиси жөнгө салынышы керек


АКШ президенти Грециядагы кризисти чечүүнү Чоң жыйырманын маанилүү милдети деп эсептейт. Барак Обама бул тууралуу бүгүн Франциянын Канн шаарында француз президенти Николя Саркози менен Чоң жыйырманын саммити алдында жолуккан соң билдирди:

- Менимче, биз сүйлөшүүлөрүбүздүн көбүн глобалдык экономиканын жанданышын чыңдоого бурганбыз таң калыштуу эмес. Анткени биз калкыбыз үчүн жумушчу орун түзүүдөбүз, дүйнөдөгү каржы базарларын турукташтырып жатабыз. Биздин алдыдагы эки күнкү милдетибиздин эң маанилүү аспектиси - Европадагы каржы кризисин жөнгө салуу.

Дүйнөнүн өнөр-жайлуу жана өнүгүп жаткан 20 өлкөсүнүн бул жолку саммитине еврозонадагы карыз кризиси жана Грециядагы кырдаал көлөкө түшүрүүдө.

Грек премьер-министри Георгий Папандреунун Грецияны дефолттон сактоо үчүн өткөн аптадага саммитте жетишилген макулдашууну референдумга алып чыгуу жөнүндөгү жарыясы Европа үчүн күтүүсүз болду жана бул жарыя каржы базарларында акциялардын баасын арзандатты.

XS
SM
MD
LG