Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Маданият ишмерлерине лауреаттык наамдар тапшырылбай калды


Маданият ишмерлер ассамблеясынын вице-президенти Жаныш Кулмамбетов 2-ноябрда, маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган кечеде лауреаттык наамдар тапшырылбай калганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, салтанаттуу кечеде президенттин жардыгы менен берилчү сыйлыктардан башка наамдар тапшырылган жок. Ушундан улам лауреаттык наам үчүн чакырылгандар шагы сынып, концерт көрбөй кетип калышты.

Маданият министринин орун басары Кожогелди Култегин мекемелер, ар кандай уюмдар уюштурган сыйлыктарды мамлекеттик наам тапшыруу салтанаты учурунда ыйгаруу ыңгайсыз болоорун, ошондуктан кеченин экинчи бөлүгүндө, сый тамак маалында калган-каткан сыйлыктар тапшырылганын "Азаттыкка" билдирди.

Кулмамбетовдун маалыматына ылайык, лауреаттык наамды 2006-жылы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов түптөгөн. Ошондон бери ар эки жылда бир үзгүлтүксүз берилип келаткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG