Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Улутташтырылган компания сатыкка кайрадан коюла турган болду


Мекемелер аралык комиссия “Петрол групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүлкүн кайрадан сатыкка коюу чечимин алгачкы аукциондо эң жогорку бааны сунуш кылган компания аны сатып алуудан баш тарткандан соң бүгүн кабыл алды.

Буга чейин 17-октябрда өткөн аукциондо “БНК” жана “Бишкек ойл” жоопкерчилиги чектелген коомдору Бишкекте тогуз май куюуучу жайы бар “Петрол группты” сатып алуу үчүн 1 миллиард 555 миллион сом сунуш кылган. Бирок аукциондон кийин аны сатып алуу ниетин ырастаган эмес.

Адистер жана байкоочулар старттык баасы 123 миллион сом деп көргөзүлгөн ишканага алгачкы аукциондо өтө эле кымбат баа сунуш кылынганын, анын карамагындагы май куюуучу жайлардын ар бири төрт миллион долларга бааланып калганын белгилешип, аукциондо жеңип чыккан компания мындай кадамга атайлап эле барды деген пикирлерин билдиришкен.

Мүлк министрлиги алдындагы мекемелер аралык комиссия алгачкы аукцион жыйынтыксыз аяктаганы үчүн анын жеңип чыгуучусу деп табылган компания кепилдик иретинде төлөгөн 12 миллион сомду кайтарып бербөө чечимин да кабыл алды.

“Петрол групп” жоопкерчилиги чектелген коому былтыр Убактылуу өкмөт улутташтырган 40тан ашуун обьектинин бири. (UE)

XS
SM
MD
LG