Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Бишкекте Касым Тыныстановдун 110 жылдыгы белгиленет


Улуу агартуучу, кыргыз тили илиминин негиздөөчүсү, кыргыз профессионал адабиятынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири Касым Тыныстановдун 110 жылдыгына арналган “Көз ирмемдеги өмүр” аттуу адабий-музыкалык салтанаттуу кече кыргыз-түрк "Манас" университетинде өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган окуу жайдан кабарлашты.

Кечеде Касым Тыныстановдун чыгармачылыгы боюнча илимий баяндама жасалат жана чыгармачылыгынын бир көз ирмемин чагылдырган чакан спектакль студенттердин аткаруусунда тартууланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG