Бүгүн Токмок шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов боюнча кылмыш ишин карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Соттук жараян кырсык катталган аймакта болууда.
Август айында Токмоктун четинде жол кырсыгы катталган. Анда үч адам набыт болгон. Тергөө учурунда мэрдин уулунун күнөөсү бар экени айтылып, ага расмий айып коюлган. Алгач ага карата сырт жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен, кийинчерээк үй камагы түрүндө баш коргоо чарасы аныкталган. (КЕ)